super.kg logo

22-июлда Кыргызстандын атынан "Style Mix" тобу катыша турган “Жаңы толкун” сынагынын ачылыш аземи болот

 

"Style Mix" триосу Латвиянын Юрмала шаарында өтө турган "Жаңы толкун" сынагына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн сапар алышты. 22-июлда аталган топ катыша турган сынактын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу топтун продюсери Миргүл Эсеналиева бүгүн, 16-июлда SUPER.KG порталына билдирди.  

Белгилүү болгондой, азыркы тапта трионун мүчөлөрү сынакка даярдык көрүп жатышат. Алар менен бул сынакта аталган топтун музыкалык продюсери болгон ырчы Омар кошо барган. 

Эске салсак, апрель айында Юрмала шаарында “Жаңы толкун” сынагынын тандоо турунан "Style Mix" триосу өтүп, бул эл аралык сынакка катышууга жолдомо алышкан.

“Жаңы толкун” сынагы 22-27-июлга чейин Юрмаланын «Дзинтари» аттуу концерттик залында өткөрүлөт.

Ага Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринин жаш аткаруучулары ат салышат.

Концерттик программа:

22-июль, 21:00 Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи.

23-июль, 23:50 – Сынактын биринчи күнү. Дүйнөлүк хит ырларын аткарышат.

24-июль, 23:50 – Сынактын экинчи күнү. Өз өлкөсүнүн хит ырларын аткарышат.

25-июль, 22:50 – Алла Пугачёванын чыгармачылык кечеси.

26-июль, 23:20 Сынактын үчүнчү күнү. Жаңы чыгарылган ырларды аткарышат.

27-июль, 22:50 – Фестивалдын жабылышы. Гала-концерт коюлуп, жеңүүчүлөр сыйланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.07.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайбыз!
16.07.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Женишинер керек ! Башка вариант жок.
16.07.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АНЖЕлика кана бир да суротто жок го. баштапкы коменттерди окуп суротко тушпой эле коеюн деген го э????
17.07.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик силерге!Алга КЫРГЫЗ!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: