Жаза аткаруу кызматы: "Мас абалында чыр чыгарган полковник Мурат Аманкулов жумушунан бошотулган"

Мас абалында чыр чыгарган полковник Мурат Аманкулов офицердик ар-намыска туура келбеген кадамга барганы үчүн жумуштан четтетилген. Бул тууралуу жаза аткаруу мекемесинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына бүгүн, 16-июлда билдиришти.
Эске салсак, буга чейин интернет булактарына аскер адамдарынын мас абалында чыр-чатак чыгарып, сөгүнүп жатышканы тууралуу видео тараган. Бул видео түшкө маал тартылганы айтылган. Мас абалында чыр чыгарып жаткандардын бири КРнын Жаза аткаруу мекемесинин Конвойдук департаментинин штаб башчысы Мурат Аманкулов экени белгилүү болгон.
Жаза аткаруу мекемесинин жетекчилиги Аманкулов Муратты коомдук тартипти бузгандыгы жана офицердик ар-намыска туура келбеген кадамга барганы үчүн жумушунан бошоткон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.