super.kg logo
  Саясат  

Москва мэри Сергей Собянин метро кырсыгына күнөөлүүлөрдү жазалоого убада берди

 

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин метро кырсыгына күнөөлүүлөрдү жазага тартууну убада кылды. Бул тууралуу шаар башчысы 15-июлда кырсык болгон жерде эл менен жолугушууда айтканын орус басылмалары жарыялашты. “Бул кырсыкка ким күнөөлүү болсо, жумуштан бошотулуп гана эмес, ага кылмыш иши ачылат”,- деди ал. Собянин кырсык болгон жерде метро кыймылы эки сутка аралыгында калыбына келерин айтты. Орусиянын Изилдөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин кырсыкка шектүү деп эки адамдын кармалганын билдирди. Алар: "Московский метрополитен” кызматынын жол мастери Валерий Башкатов жана жардамчысы Юрий Гордов.

Эскерте кетсек, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ге, жаракат алгандардын саны 140ка жеткени, жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында чет өлкөлүктөр да бар экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: