super.kg logo
  Саясат  

Сот жыйындарын катышуучулар менен камсыздоо милдети тергөөчүлөргө жүктөлдү

 

Жогорку Кеңеш быйыл 19-июнда кабыл алган “КРнын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга бүгүн, 16-июлда президент Алмазбек Атамбаев кол койду.  

КРнын Жазык-процесстик кодексинин азыркы 251, 259 жана 265-беренелерине ылайык, сот процессинин катышуучулары болгон адамдарды айыптоочу жана коргонуучу тараптар камсыз кылышат. Ошол адамдар жүйөлүү себептерсиз катышпаган учурда алып келүү ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Бул мыйзам менен аталган беренелерге өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, ушул адамдар жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда аларды процесске алып келүү судьялардын жүйөлөштүрүлгөн токтому же соттун аныктамасы боюнча жазык ишин тергеген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: