Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Баткендин Караван айылындагы бала бакчанын ачылышына катышты
Парламент төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров Баткен облусунун Караван айылындагы 100 орундуу жаңы бала бакчанын ачылышына катышты. Муну ЖКнын маалымат кызматы 17-июлда кабарлады.
Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында, 47 миң адам жашаган Кызыл-Кыя бала бакча менен 60 пайызга камсыздалган. Жаңы бала бакча кыргыз жана орус тилин бирдей алып жүрөт.
“Бул иштин бир бөлүгү түрткү берүүчү гранттан каржыланды. Биздин кайрылуубуз боюнча Төрөбай Зулпукаров каражаттын өз убагында бөлүнүүсүн көзөмөлдөп берди, буга балдардын ата-энелери ыраазы”,- дейт шаар башчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

