Бишкектеги Улуттук китепканада Эл аралык шахмат күнүнө карата календардык көргөзмө ачылды
16-июлда Бишкектеги Улуттук китепканада Эл аралык шахмат күнүнө карата календардык көргөзмө ачылды.
Аталган китепканадан билдиргендей, көргөзмө окурмандарды шахматтын укмуштуу дүйнөсү менен тааныштырат. Анда эл аралык гроссмейстерлер шахматтын маселесин чечишип, өзүлөрүнүн чеберчилиги жана тажрыйбасы менен бөлүшөт. Көргөзмөгө “Шахмат менен кылымдарды жана мамлекеттерди кезип өтүү”, “Сүйүктүү оюн тууралуу жыйырма маек”, “Фишердин табышмактары” сыяктуу эмгектер коюлган.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө шахматты спорт түрү катары жүздөгөн мамлекеттер таанышкан. Ошондой эле ири шаарларда бул оюнду сүйүүчүлөр үчүн клубдар да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.