Кыргызстандын экспорту 5 ай ичинде 590 миллион долларга барабар болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйдү
КРнын Каржы министрлиги 16-июлда 6 ай аралыгындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 2014-жылдын январь-май айларында 2 553,3 миллион доллар болду. Бул 2013-жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 6,0 пайызга аз.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын ичинде экспорт 590,3 миллион АКШ долларына барабар болуп, 9,2 пайызга көбөйгөн. Ал эми импорт 1 963,0 миллион АКШ доллары болуп, көрсөткүч 9,8 пайызга азайган.
Экспорттун көлөмү алтынды эсепке албаганда 354,1 миллион АКШ долларын түзсө, импорттун экспорттун көлөмүнөн алдыга өсүшүнө байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 1 372,7 миллион АКШ долларына барабар болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

