Миграция министрлиги: Орусиянын аймагында 570 миңге жакын Кыргызстандын жарандары эмгектенүүдө
"Эксперттик-аналитикалык изилдөөлөргө караганда, чет өлкөдөрдө 350 миңден 700 миңге жакын кыргызстандыктар иштеп келишет. Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда иштешет. Өткөн жылы Орусиянын аймагына 657,8 миң жаран кирсе, 568,8 адам өлкөдөн чыккан. Азыркы тапта аталган өлкөдө жалпысынан 570 миңге жакын КРнын жараны бар. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мигранттар Казакстандын аймагында да ишмердүүлүк жүргүзүшөт. Казакстандын тийиштүү мекемелеринин маалыматына караганда, 2013-жылы декабрь айында 85 440 кыргызстандык жаран каттоого турган. Алыскы чет өлкөлөрдө 30 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

