super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттөр аралык экономикалык-соода кызматташтыгынын 10-жыйыны өтөт

 

Бүгүн, 17-июлда “Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода жана экономикалык кызматташтыгынын 10-жыйыны өтөт. Ага кыргыз тараптан биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, кытай тараптан Кытайдын соода министринин орун басары Чжан Сянчэнь төрагалык кылат.

Күн тартибинде энергетика, транспорт жана өнөр жай, каржы жана кредит тармагындагы кызматташуу жана КРнын Бажы биримдигине кирүүсүнүн эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууга тийгизчү таасирин талкуулоо каралган. Ошондой эле КР жана КЭР СУАР аралык соода-экономикалык жана айыл чарба жаатындагы байланыштарды активдештирүү маселеси талкууланмакчы.

Жыйын соңунда эки тараптын өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык боюнча макулдашуу протоколуна кол коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: