super.kg logo

Бишкекте "Гүлдөгөн Кыргызстан" аттуу көргөзмөдө гүлдөрдү кооздоо боюнча мастер-класс көрсөтүлөт

 

21-22-июлда Бишкектеги соода түйүндөрүнүн биринде япондордун икебана искусствосу боюнча “Гүлдөгөн Кыргызстан” аттуу көргөзмө өткөрүлөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара “Мекендештер-2014” форумунун алкагында өткөрүлөт. Анда Орусияда икебана искусствосу боюнча сабак берген Чынара Мундузбаева мастер-класс көрсөтүп, анын жана окуучуларынын эмгектери тартууланат.

Икебана – гүлдөрдү кооздоо боюнча япондордун салттык искусствосу. Анда кесилип алынган гүлдөрдөн композиция жаратып, интерьерге орнотушат. Икебананын түпкүрүндө жөнөкөй көркөмдүктү, табигый сулуулукту ачып берүү камтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.07.2014. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын кооздугун гүлдөр, шиберлер, бадалдар аркылуу баяндап берүү абдан маанилүү жумуш саналат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: