super.kg logo

Жылнаама, 18-июль: Мындан 76 жыл мурун тарыхта биринчи жолу түзүлгөн кыргыз парламенти ишин баштаган

 
* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы тарыхта биринчи жолу түзүлгөн кыргыз парламенти ишин баштаган. Бул күнү Кыргыз мамлекеттик театрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши чогулуп, кыргыз парламентинин ачылыш салтанаты аксакал депутат, чабан-стахановчу Көккөз Сопиевге ыйгарылган. Салттуу ачылыштан кийин сессиянын күн тартиби бекитилип, анын регламентин тактоо жана төраганы шайлоо сыяктуу маселелер карала баштаган. 
* Мындан 55 жыл мурун, 1959-жылы экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Кулунду айылында туулган. Айыл чарба институтун ветеринар, ал эми КУУну юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун эт комбинатта тери иштетүү бөлүмүндө баштаган.
* Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы америкалык актёр, сценарист, режиссёр, продюсер Вин Дизель АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Манхэттенде туулган. Вин Дизель 2000-жылдардагы боевик жанрындагы тасмалар аркылуу таанымал болгон. Ал "Чёрная дыра", "Форсаж", "Три икса", "Одиночка", "Хроники Риддика", "Лысый нянька: Спецзадание" тасмаларында негизги ролдорду аткарган. 
18-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: