super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев: "Салык кызматында кол тийбестик деген болбойт, салык чогултуу планын аткарбагандар жооп бериши керек"

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 17-июлда 2014-жылдын январь-июнь айларындагы бюджеттин киреше бөлүгү боюнча кеңешме өткөрдү. Ага биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов жана экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев катышты. Оторбаев Мамлекеттик салык кызматы ири соода түйүндөрүнө салык төлөмдөрүн кабыл алуучу терминалдарды орнотконун, муну өлкө боюнча жайылтуу керектигин айтты.  
"Белгилеп кетким келет, 2015-жылдын 1-январынан тарта Мамлекеттик салык кызматынын аймактар аралык бөлүмдөрүн жоюу боюнча өкмөттүн чечими бирин-бири кайталаган органдарды жоготуп, ишкерлердин ишин жеңилдетет",- деди премьер. 
Салык төлөмдөрү өз убагында чогултулушу керектигин айткан өкмөт жетекчиси "Мамлекеттик салык кызматында кол тийбестик болбойт, кимде-ким салык топтоодогу планды аткарбаса, алардын баары жекече жоопкерчилик тартышы керек" деп кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: