Бишкектеги Киев көчөсүнүн тосулган бөлүгү ачылды
Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Керимбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн ачылды. Көчөнүн бул бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу быйыл 18-июнда жабылган эле. Бир ай бою жол астынан өткөн жылуулук берүү түйүндөрү жаңыланганын мэрия кабарлады.
Айта кетсек, жолду оңдоо иштерине байланыштуу шаардагы Л.Толстой, Токтогул көчөлөрүнүн да айрым бөлүктөрү учурда жабылуу бойдон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

