Бишкекте жол кырсыгында унаа оодарылып, бир адам каза тапты
Бишкекте жол кырсыгында унаа оодарылып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-июлда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Түштүк магистраль жана Кривоносов көчөлөрүнүн кесилишинде Мерседес-Бенц унаасы катуу ылдамдыкта келип, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын айынан унаадагы 20-25 жаштардагы азиат улутундагы айым каза болуп, айдоочу жана дагы 2 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.
Учурда унаа айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ACAH

18.07.2014. 12:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бейиши болсун! Орозо учурунда каза тапкандарга Бейиштин эшиги ачык деп укканым бар. Себеби Орозо учурда тозоктун баардык эшиктери жабылып кабыр азабы токтотулат экен
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.