super.kg logo
  Саясат  

Москвадагы метро кырсыгынан каза тапкан Мээрим Арунованын сөөгү 19-июлда Бишкекке жөнөтүлөт

 

Москвада метро кырсыгынан көз жумган кыргызстандык Мээрим Арунованын сөөгү 19-июлда Бишкекке жөнөтүлөт. Бул тууралуу 18-июлда SUPER.KG порталына КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Турдакун Сыдыков билдирди.   

Анын айтымында, Мээримдин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн документтер чогултулган. “Мээримдин сөөгү мекенине 19-июлда жеткириле турганын Кыргызстандын Москвадагы консулдугунан айтып жатышат. Туугандары да Москвага кетишкен болчу”,- деди Сыдыков.

Бүгүн, 18-июлда Ленин райондук муниципалдык башкармалыгынын башчысы Жылдыз Мусабекова социалдык тармактардагы өздүк баракчасына маркумдун сөөгүн апасы Кыргызстанга алып келе албай убара болуп жатканын айтып, элге жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Кайрылууда минтип айтылат: Урматтуу мекендештер, замандаштар! Москвада метродогу кырсыктан каза болгон жердешибиз, биздин Ак-Өргөөнүн жашоочусу Мээрим Арунованын сөөгүн Кыргызстанга алып келе албай апасы менен эжеси азыр Москвада айласы кетип жаткан чак. Ким кандай жардам бере алат? Москва мэри айтып жаткан компенсациядан таш балээ да жок. Мээримдин атасы 6 жылдан бери төшөктө баспай жатат”.

Эске салсак, 15-июлда эртең менен "Славян бульвары" станциясынан 200 метр алыстыкта поезд тез токтоп, 3 вагон рельстен чыгып кеткен. Метродогу кырсыктан көз жумгандардын саны 22ден, жаракат алгандардын саны 140тан ашканы жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: