super.kg logo

2014-жылдагы малайзиялык учактар кабылган кырсыкта австралиялык үй-бүлө эки жолу жоготууга учурады

 

Австралиялык Ирен жана Жорж Берроуздардын үй-бүлө мүчөлөрү 2014-жылы "Malaysia Airlines" компаниясынын учактары кабылган эки кырсыкта набыт болушту. Алардын уулу менен келини үстүбүздөгү жылдын март айында Куала-Лумпур аба майданынан Кытайдын Пекин шаарына сапар тартып, Инд океанынын үстүндө дайынсыз жоголгон Боинг-777-200 учагында болушкан. 

Ал эми небереси жана анын күйөөсү Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жатып Украинада жарылган малайзиялык Боинг 777 учагында болгону айтылууда. Азыркы тапта Берроуздардын үй-бүлөсү окуя боюнча ММКларга пикирин айтыша элек. 17-июлда орун алган авиакырсыкта Австралиянын 28 жараны каза болгон. Набыт болгондордун тизмесинде австралиялык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн ысымдары да бар. 

Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 300гө жакын адам каза тапты. "Malaysia Airlines" компаниясынын өкүлү жүргүнчүлөрдүн ичинен 154 адам Нидерландынын жарандары экенин маалымдаган. Ошондой эле Австралиянын - 27, Малайзиянын - 23, Индонезиянын - 11, Улуу Британиянын - 6, Бельгия менен Германиянын - 4, Филиппиндин - 3, 1 Канаданын жараны, ал эми 47 жүргүнчүнүн жарандыгы тактала электиги айтылган. Украинанын Тышкы иштер министрлиги 181 адамдын денеси табылганын кабарлады. Бул тууралуу 18-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.07.2014. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Allah ozung saktai kor. Koz jumgandardyn ui buloosuno sabyr...
19.07.2014. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр
19.07.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кудай сактааа Украина дан коркуш керек болуп калды го
19.07.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах сабырдуулук берсин! Бул уй булонун жаткан жери жайлуу болсун!
19.07.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
бир сеииядан
эки жолу тен кырсыка кабылып жаткан болсо анда ал семияны сурака алыш керек Ал жагы озунчо эле бир табышмак болуп турат экен!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: