super.kg logo
  Саясат  

Эмилбек Каптагаев республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткара албаган жетекчилердин ишин сынга алды

 

Бүгүн, 18-июлда Ысык-Көлдө өткөн облустук жыйында жергиликтүү жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткара албаган район, шаар жетекчилерин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев катуу сынга алды. Бул тууралуу өкмөт өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.                                       

“Район жана шаар жетекчилери аймакта иштеп жаткан ишканалардын токтобой иштешине көмөк көрсөтүп, жок дегенде жетекчилери менен сүйлөшүп, көйгөйлүү маселелерди ортого салуу керек. Себеби жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ошол ишканалар, өндүрүш берет. Бул багытта жетиштүү иш алып баруу болбой жатат”,- деди Каптагаев.  

Маалыматка ылайык, облус боюнча иштетүү өнөр жайында 12,6 миллиард сом продукция өндүрүлүп, анын ичинен суусундуктарды кошкондо тамак-аш азыктары 354,4 миллион сом болгон. Текстиль жана тигүү, бут кийим булгаары өндүрүшү 61,0 миллион сомду, негизги металл өндүрүшү жана даяр металл буюмдар өндүрүшү 12085,0 миллион сомду түздү. Жалпы тармак боюнча физикалык көлөмүнүн индекси 111,3 пайыз болду. Облуста 2014-жылдын 6 айында бажы төлөмдөрүн жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын эске албаганда, облус боюнча түшкөн салыктардын жалпы контингенти 649,1 миллион сомго барабар болгон. Республикалык бюджет 286,2 миллион сомду түздү. Каракол, Балыкчы шаарлары, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң  жана Түп райондору республикалык бюджеттин планын аткарышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: