super.kg logo

Жылнаама, 19-июль: Мындан 34 жыл мурун башталган Москва Олимпиадасында 9 кыргызстандык медаль тагынган

 
* Мындан 34 жыл мурун, 1980-жылы башталган Москва Олимпиадасында кыргыз спортунун 9 өкүлү СССР өлкөсүнүн намысын коргогон. Алар: Каныбек Осмоналиев, Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Александр Блинов, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметов, Леонид Дунаев, Николай Чернецкий жана Марина Сысоева. Мелдештин жыйынтыгында 9 спортчу 5 алтын, 1 күмүш жана 3 коло байге утуп Кыргызстандын атын даңазалашып, Олимптин туусун багындырышкан.
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы коомдук жана саясий ишмер Мухтарбек Өмүракунов туулган. Мухтарбек Өмүракунов 1989-жылы Фрунзе политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн. 2011-жылы 25-апрелде Кубага эс алууга аттанып, Варадеро курорттук аймагында жайгашкан “Салеман” отелине токтогон. 30-апрель күнү бийиктиги 3 метрлик океан толкуну жээктеги адамдарды сууга алып кирип кетип, алардын арасында Мухтарбек Өмүракунов да болгон. 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 17:30да анын сөөгү океандын жээгинен табылган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы тилди которуп, жайгаштыруу боюнча жасалган дүйнөдөгү эң алгачкы операция ийгиликтүү аяктаган.
19-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: