Абдырахман Маматалиев террордук коркунучтарга каршы турууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 18-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коллегиялык жыйынына катышты. Жыйын катышуучулары комитеттин 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын талкуулап, экинчи жарым жылдыктын пландарын аныктады.
Маматалиев коррупцияга каршы күрөш, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик чек арасын чыңдоого байланыштуу маселелерге кеңири токтолду. УКМК кызматкерлерине террордук коркунучтарга каршы туруу жана экстремисттик кыймылдарды жоюуга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Жыйынтыгында вице-премьер УКМК жеке курамына ак ниет кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, аларга сак жана мобилдүү болууну, кызмат өтөөгө жоопкерчиликтүү кароону табыштаганын өкмөт кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

