"Кыргызстандын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизилди
18-июлда президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Аталган документти Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 25-июнунда кабыл алган. Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын юридикалык жактардын капиталында катышуу мүмкүнчүлүктөрүн конкреттештирүү. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын юридикалык жактардын капиталында катышуу боюнча чечим кабыл алуу ыйгарым укуктары такталып, ошондой эле экономиканы өнүктүрүү максатында Улуттук банктын юридикалык жактардын капиталында катышуу укугу кеңейтилген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

