super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Израилдин Газа тилкесин талкалоосуна каршы экинчи ирет акция өтөт

 
Бул 18-июлда Бишкектеги Горький атындагы сейил багында өткөрүлгөн акциядан. Чогулгандар Газага каршы сокку урууну токтотууга үндөгөн плакаттар менен чыгышып, Бишкек бул боюнча расмий билдирүү жасашы керектигин айтышкан.

25-июлда Бишкектеги Тарых музейинде Израилдин Газа тилкесин жардырып, талкалоосуна байланыштуу флешмоб өтөт. Иш-чара “Мусулман мусулмандын бир тууганы” деп аталат. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, дин аалымы Чубак ажы Жалилов, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек жана жаштар өкүлдөрү катышары айтылды. Ушундай эле акция 18-июлда да Бишкектеги Горький атындагы сейил багында өткөрүлгөн. Чогулгандар колдоруна Газага каршы сокку урууну токтотууга үндөгөн плакаттарды кармашып, бул боюнча Бишкек атайын расмий билдирүү жасашы керектигин айтышкан.

Айта кетсек, Газада "ХАМАС" кыймылынын куралдуу топторуна каршы Израилдин чабуулу 8-июлда башталган. Израиль өз аракетин палестиналык согушчандардын Израиль аймагына ракеталык чабуул койгону менен байланыштырууда. БУУнун маалыматы боюнча, Газа тилкесинде каза тапкандардын көбү карапайым жарандар. Жаңжал израилдик 3 өспүрүмдүн уурдалышынан кийин чыңалган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: