super.kg logo
  Саясат  

Депутат Карганбек Самаковго каршы митингге чыккандар милициядан бошотулду

 

Бүгүн, 21-июлда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына депутат Карганбек Самаковго каршы митингге чыккан Аламүдүн районунун 35 жараны Бишкектеги Биринчи Май РИИБинен бошотулду. Бул тууралуу аталган милиция бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка таянсак, нааразычылык акциясына чыккандар эч кандай уруксат кагазын алышкан эмес, ошондой эле коомдук тартипти бузушкан. Бирок эч кандай айып пул салынган жок.

Айта кетсек, Ак үй алдында Чүй облусунун Аламүдүн районунун 35 жараны депутат Карганбек Самаковго каршы нааразылык акциясын өткөрдү. Акцияга чыккандар депутат Самаков аталган райондогу Кара-Жыгач айылынын карамагындагы жер тилкесин мыйзамсыз кестирип алып, аны сатып жатканын айтышты. Эми нааразы тарап депутатка "ал жерди кайра айылдын карамагына кайтарсын" деген талап коюп жатышат. Ал эми депутаттын өзүнөн бул боюнча пикир алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: