Өлкө башчы "Бажы тарифи жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу документке кол койду

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документке кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.
Толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн негизги максаттары - ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана бажы тарифинин айрым позицияларын ички жана тышкы рыноктордун конъюнктурасынын өзгөрүүлөрүнө ылайык келтирүү. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

