super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл облусунун бир катар район, шаар жетекчилерине сөгүш жарыяланды

 

Ысык-Көл облусунун жарым жылдыкты караган жыйынында бир катар район, шаар жетекчилерине сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

Сөгүш Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Карасартовго, Түп райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысынын орун басары Д.Сагынбаевге, Тоң райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысынын орун басары Н.Төлөнгутовага берилди. 

Маалыматта айтылгандай, алар облус аймагында калктуу конуштарды көрктөндүрүү, сейил бак жана көлдөгү кум жээк тилкелерин, жол жээктерин, токой капчыгайларын санитардык тазалоо боюнча жарыяланган “Ысык-Көлүм - ыйык мурасым” аттуу үч айлык иш-чаранын алкагында тийиштүү деңгээлде иштерди уюштурбагандыгы үчүн сөгүш алышты.  

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев: Жарыяланган үч айлыктын алкагында бир топ иштер аткарылды, бирок толук өз максатына жеткен жок. Үч айлык бүттү деп эле токтотуп койбой, санитардык-экологиялык тазалоо иштерин мындан да активдүү колго алуу керек”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: