super.kg logo

Латвиянын орус маданият ишмерлерине киргизген санкциясынан кийин “Жаңы толкун” сынагын Крымда өткөрүү сунушталды

 

Латвия орус маданий ишмерлерине киргизген санкциясынан кийин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары Валерий Рашкин жана Сергей Обухов “Жаңы толкун” Эл аралык сынагынын уюштуруучулары Игорь Крутой менен Александр Румянцевге иш-чараны Крымга которууну сунушташты.

Латвиянын Тышкы иштер министрлиги сынактын ачылышында ырдай турган орусиялык ырчылар Иосиф Кобзон, Олег Газманов жана сынактын калыстар тобунун мүчөсү Валериянын Украинадагы абал тууралуу билдирген позицияларына карата аларды “кара тизмеге” киргизгени айтылган эле.

Буга чейин Краснодар аймагынын башчысы Александр Ткачев “Жаңы толкун” фестивалын Сочиде өткөрүүнү сунуштаса, Калининграддын губернатору Николай Цуканов Балтика деңизинин жээгиндеги Светлогорск шаарына которууну сунушташкан.

“Орусиялык артисттерге жана бүтүн Орусияга болгон уяткаруу сактала турган болсо, фестивалды Юрмалада эмес, Орусиянын шаарларынын биринде (мисалы, Крымдын аймагында) өткөрүүнү карап чыгууну сунуштайбыз” деп жазылат депутаттардын сунушунда.

Крымдын маданият министри Арина Новосельская: “Аймактык бийлик өкүлдөрү концерттик аянтча уюштуруп берүүгө даяр. “Жаңы толкун” сынагы Крымда өткөрүлсө, кубанычта болобуз”,- деген. Муну менен катар Крым чоң деңгээлдеги фестиваль өткөрүү боюнча тажрыйбалуу экенин билдирип, “Артек” лагеринде 3 жыл катары менен балдардын эл аралык музыкалык сынагы өтүп жатканын кошумчалаган. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-июлда Латвиянын Юрмала шаарында өтө турган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн бул сынакка "Style Mix" триосу катышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.07.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катышычуулар Латвияга барабыз деп виза ачтырып алышса керек!
Өзүлөрү эле эмес багканы да убара кылышат турбайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: