super.kg logo
  Саясат  

Парламенттеги коалиция өкмөт башчыдан Жантөрө Сатыбалдиев менен иштешкен чиновниктерди кызматтан алууну талап кылды

 

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын курамына кирген “Ата Мекен”, КСДП, “Ар-намыс” фракцияларынын лидерлери өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевден 2010-жылы Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик дирекциясынын мурдагы жетекчилерин кызматтан алууну суранышууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда “Ата Мекен” фракциясынын катчылыгы атайын билдирүү таратылганын билдирди.

Билдирүүдө Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик дирекцияны жетектеп турганда аны менен чогуу дирекцияда жооптуу кызматтарды ээлеп турган 12 адам учурда жогорку кызматта экени жана аларды да жумуштан бошотуу керектиги айтылды. Алардын катарында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков, өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Кадаңбай Бактыгулов жана Каржы министрлигинин Баалуу металлдар департаментинин башчысы Молдобазар Эркебаевдер бар. Ал эми КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков бул демилге “Ата Мекен” фракциясынын жеке демилгеси экенин айтып, бирок колдоого аларын айтууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: