super.kg logo
  Саясат  

Бишкек жана Кабул шаарларындагы окуу жайлардын кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

 

Ооганстандагы КРнын элчилигинин имаратында аталган өлкөдөгү Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарым укуктуу өкүлү А.Абдуразаков Кабул политехникалык университетинин президенти, профессор Эзатуллах Амед менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору жазган чакыруу катын тапшырды. Катта Кабулдагы окуу жайдын жетекчилигин Бишкек шаарына келип, эки тараптуу мамилени өнүктүрүү жагын талкуулоо айтылганы маалым болду.

Жолугушууда элчи Кыргыз-Орус Славян университети тууралуу кыскача айтып берди. Өз кезинде Эзатуллах Амед Оогандагы табигый илимдердин өнүккөн убагы Советтер Союзунун мезгилине туш келерин айтып, окуу жайлар аралык кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 22-июлда билдирди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: