super.kg logo

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнунун жабылышына чет элдик эстрада жылдыздары катышат

 

Бүгүн, 23-июлда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнун уюштуруу боюнча чогулуш өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматта Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнун бул жылы өткөрүүнү Туризм департаменти демилгелегени айтылат. Чогулушта Борбор Азиянын көчмөн элинин салты боюнча сценарийдин элементтерин иштеп чыгуу үчүн бул иш-чаранын режиссёруна жардам берүүгө тарыхчы эксперт тартылыш керектиги айтылды.

Ал эми Улуттук маданият борборунун башчысы Рыскул Боронбаев иш-чаранын сценарийине оюндун ачылышы жана жабылышы камтылганын айтты. "Оюндун ачылышына 500 адам катышары пландалса, жабылышында чет элдик жана жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт уюштуруу пландалууда" деп айтылат маалыматта. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: