super.kg logo

Кыргызстанда “Токтогул” аттуу энциклопедия жарык көрдү

 

Кыргызстанда алгачкы жолу белгилүү кыргыз акыны Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган энциклопедия жарык көрдү. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы 22-июлда билдирди. Коомчулукка сунуш кылынган эмгек Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жамааты – адабиятчылар, искусство, тарых, философия жаатындагы окумуштуулар тарабынан түзүлгөн.

Энциклопедия өзүнө Токтогул Сатылгановдун өмүр баянына жана чыгармачылыгына тийиштүү бардык изилдөөлөр менен маалыматтарды камтыйт. Ага акын тууралуу жыйнактардагы кыргызча, орусча, казак, украин, латыш, өзбек, якут жана башка тилдерде жарыяланган маалыматтар кирген.  

Басылмага Токтогулдун өмүрүндөгү татаал учурларын баяндаган фактылар, Сибирге айдалганы, сүргүн маалы, андан качып, Ата Мекенине кайтканы, эли менен жолугушуусу, Октябрь революциясы жана Кыргызстанга совет бийлигинин орношуна байланышкан бурулуш мезгилдер кенен камтылган. Кыргызстандын жазуучулары жана акындары – А.Токомбаев, Т.Абдумомунов, К.Маликов, Т.Касымбеков, Ч.Айтматов, К.Акматов, М.Убукеев жана башкалардын акын жөнүндө айткандары берилген. Ошондой эле эмгекке акындын музыкалык мурастары, кыргыз элинин музыкалык маданиятында классикалык үлгү болуп калган атактуу күүлөрү жөнүндө макалалар, келечектеги муундарга руханий мурас боло турган философиялык көз караштары, этика жана эстетика жөнүндө ой толгоолору да камтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: