“Кышында Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына жаратылыш газын бербейт” дейт Жоомарт Оторбаев
“Келе жаткан кышта Өзбекстан Кыргызстандын түштүк аймагына газ бербейт”,- деди бүгүн, 23-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.
“Кудай бизге энергетика боюнча жакшы шарттарды түзүп берген. Биз муну толугу менен, туура пайдаланышыбыз керек. Кыргызстандыктар кышка көмүр камдашы зарыл болууда. "Кара-Кече" көмүр кенинде чоң Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) курушубуз керек. Бул биздин ири долбоорлорубуздун бири болуп саналат”,- деди премьер-министр. Мындан тышкары өкмөт өкүлү быйылкы жылы Кыргызстанда суунун аздыгына тынчсызданып жатканын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:45
2026-03-06
9:01
2026-03-06
12:55
2026-03-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















