super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Монголияга болгон бир күндүк иш сапары эмне себептен төрт күнгө созулуп кеткендигин түшүндүрүп берди

 

“Менин Монголияга болгон иш сапарым 4 күнгө созулган: 1 күн иш жүргүзгөм, 3 күн эмгек өргүүсүн алгам. Ошондуктан мен жеке учагым менен эмес, рейстик учак менен учкам. Ал бир рейсти 2-4 күндүн ичинде аткарат”,- деп түшүндүрдү журналисттерге бүгүн, 23-июлда маалымат жыйынында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев.

“Монголия биз үчүн керектүү мамлекет, анткени ал 25 жылдан бери парламенттик демократияны жүргүзүп жатат. Монголиянын тарыхы биздикине абдан окшош. Аларда дагы постсоветтик маселелер бар”,- деди премьер-министр.

“Таза шайлоо системин орнотууда Монголия биз үчүн жакшы үлгү болуп жатат. Бул багытта ишти терең изилдеп баштадык. Иш сапарыбыз жемиштүү болду десе болот. Монголиянын жетекчилери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз”,- деп билдирди Оторбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: