super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлүгүнөн чыгарылды

 

Улуттук оппозициялык кыймыл “ата журтчу” Камчыбек Ташиевди кыймылдын мүчөлүгүнөн чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда аталган кыймылдын катчылыгы билдирди.  

Маалым болгондой, УОКтун тең төрагасы Камчыбек Ташиев президент Алмазбек Атамбаевдин позициясын колдогону үчүн 23-июлда кыймылдан чыгарылганы айтылды. Кыймылдын төрагасы Равшан Жээнбеков бул оппозициялык топтун чечими экенин айтууда. Бирок Ташиев азырынча бул боюнча өз пикирин билдире элек.

Айта кетсек, 9-июлда Камчыбек Ташиев НТС телеканалына берген маегинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин коррупция менен каршы күрөшүү позициясын колдоорун жана азыркы бийлик менен мамилесин жакшыртарын айткан. Ошондой эле 2012-жылдын 3-октябрындагы митингден кийинки аракеттери туура эмес болгонун моюнга алып, бийлик адамдарынан кечирим сураган. Камчыбек Ташиев: "Акыркы эки жыл ичинде жасаган туура эмес иштерим үчүн ар бир кыргызстандыктан жана бийликтеги адамдардан кечирим сурайм",- деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: