super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга энергетика тармагын реформалоо үчүн 25 миллион доллар берет

 

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга энергетика тармагын реформалоо үчүн 25 миллион доллар берет. Бул тууралуу 23-июлда вице-премьер-министр Валерий Диль Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Сарож Кумар Жаны кабыл алууда айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар тармакты башкарууну реформалоо жана жалпы энергетикалык рынокту түзүү маселесин талкуулашты. Аймактык директор Дүйнөлүк банктын Кыргызстан үчүн энергетика тармагын реформалоо боюнча 25 миллион доллар жана жайыттарды өнүктүрүү боюнча 15 миллион доллар суммасындагы эки долбоорду ишке ашырууну каржылоого макул экендигин маалымдады.

Вице-премьер-министр Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөр менен суу-энергетикалык ресурстарды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр үчүн аянтчаны түзүү зарылдыгын белгиледи.

Кандайдыр бир жак демилгени өзүнө алып, бизди сүйлөшүүлөр столуна отурууга чакырышы керек. Кичи ГЭСтердин чыгымын актоо деңгээлине жеткирүү максатында кошумча каржылоо үчүн уставдык капиталы 10 миллион долларлык фонд түзүү зарыл. Мында башкаруу жамааттык болушу керек, ошондо жаңыланма ресурстар боюнча тармак рентабелдүү болот”,- деди вице-премьер.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: