super.kg logo

Бишкекте “Оймо-2014” фестивалынын алкагында аймактык конференция өткөрүлөт

 

Бүгүн, 24-июлда Бишкекте “Оймо-2014” фестивалынын алкагында аймактык конференция өткөрүлөт. Ал эми фестиваль 25-июлда Бишкектеги Эркиндик бульварында старт алып, 28-июлдан 3-августка чейин Чолпон-Атада орун алат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. 

Фестивалда 120дан ашуун кол өнөрчүлөр өзүлөрүнүн продукцияларын жарманкеге коюшат. Аймактан келишкен мыкты кол өнөрчүлөр мастер-класс, дизайнерлер этно стилиндеги моделдерин көрсөтүшөт, жаш сүрөтчүлөр жана акындар арасында сынактар жүргүзүлөт. Фестиваль аянтчасында искусство ишмерлери жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өз демилгелүү жамааттары өнөрлөрүн тартуулашат, жаштар экологиялык акция уюштурушат.

Иш-чаранын максаты Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салтты калыбына келтирүү, маданий мурастарды сактоо жана Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн аймагын экологиялык таза туризмге айландыруу болуп саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: