super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Кореянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 
Бүгүн, 24-июлда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Корея Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Чанг Гю мырза менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. Феруза Жамашева Кореядагы электрондук сот өндүрүшүнүн өнүккөндүгүн белгиледи жана кореялык кесиптештеринин бул тармактагы тажрыйбасын бизде да колдонууну каалады. 

Өз учурунда Ким Чанг Гю мырза эки өлкө ортосундагы айыл чарба, медицина жана башка тармактардагы жетишкен ийгиликтер тууралуу айтып, эки өлкө сотторунун ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрөрүн ынандырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: