super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Кыргызстандын 2015-2017-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуулар өтүүдө

 

Коомдук угуулардын негизги максаттары - мамлекеттик каржыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, анын ичинде бюджеттин ачыктыгын камсыздоо, бюджеттик процесстерге жарандардын кызыгуусун арттыруу, активдүү катышуусун камсыз кылуу. 

Иш-чарага Каржы министрлигинин, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Нарын облусуна караштуу район, айыл жетекчилери, финансы кызматкерлери, облус жана шаар жетекчилери жана башкалар катышууда.

Программага ылайык, министрликтин адистери угуунун катышуучуларына келерки жылдарга бюджетти түзүү, анын болжолдуу көрсөткүчтөрү, багыттары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти. Адистер белгилегендей, 2015-2017-жылдардын орточо мөөнөттүү мезгилинде экономикалык саясаттын башкы максаты макроэкономикалык туруктуулукту бекемдөөгө жана экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталат. 2015-жылга ички дүң продукциянын реалдуу темпинин өсүшү 6 пайыз деңгээлинде болжолдонууда. Социалдык саясат жаатындагы негизги милдеттер болуп калктын жумуштуулугун жогорулатуу жана эмгек ресурстарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү, турмуш деңгээли жана сапаты, жумушсуздук деңгээлин азайтуу болмокчу. Экономиканын болжолдуу өсүүсүн эске алганда, бюджеттин кирешелери 2015-жылы 117,3 миллиард сомдон  2017-жылга 143,0 миллиард сомго өсөт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: