super.kg logo
  Саясат  

Экономика министри: "Быйыл 6 ай аралыгында мигранттар 810 миллион доллар акча жөнөтүштү"

 

2014-жылы жарым жылдыгында чет жерде иштеген мигранттардан которулчу акчанын көлөмү бир кыйла азайды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда экономика министри Темир Сариев 2014-жылдагы аткарылган иштердин жарым жылдык отчёту боюнча маалымат берип жатып билдирди.

Өткөн жылдарга салыштырмалуу быйыл чет өлкөдө иштеген мигранттардан которулчу акчанын эсеби бир топко аз болуп жатат. Жарым жыл ичинде 810 миллион доллар гана акча которулду. Албетте, бул Орусиядагы саясий, экономикалык оорчулуктарга байланыштуу болуп жатат”,- деди министр.

Андан сырткары Сариев өлкө боюнча быйыл 45 ишкана токтоп турганын айтты: “Мен ачыгын айтып кетейин, өлкө боюнча 45 ишкана өз ишин токтотту. Алардын ичинен ар бир облустан бирден же экиден ишкана токтосо, Бишкекте 17 ишкана токтоп турат. Биз буларды ишке киргизгенге аракет кылсак, биз айтып жаткан экономикалык тартыштыктарды жоёт”. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: