Экономика министри Кадамжай cурьма комбинаты ушул жылы ишке киргизилерин айтты
2014-жылдын экинчи жарымында "Кадамжай сурьма комбинаты" ААКсы ишке киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда экономика министри Темир Сариев 2014-жылдагы аткарылган иштердин жарым жылдык отчёту боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкана чийки заттын жоктугуна байланыштуу азыркы тапта токтоп турат. "Жарым жылда 11,6 миллион сомдук продукция өндүрүлдү. Чийки зат жоктугунан 26,1 килограмм гана сурьма өндүрүлгөн. Негизги чийки зат Орусиядан ташылып келет. Ал жакта сурьманы иштетүүчү ишкана ачылыптыр. Ал эми Тажикстандан алып келүүгө чек аранын жабылышы себеп болду",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

