super.kg logo

Бишкектеги "Оймо-2014" фестивалына Кыргызстандан жана чет өлкөдөн келген 150дөн ашуун кол өнөрчү катышууда (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 25-июлда Бишкектеги Эркиндик бульварында “Оймо-2014” фестивалы старт алып, Борбор Азия, Орусия, Түркия, Индия, Ооганстан, Кытайдан келишкен 150дөн ашуун кол өнөрчү өзүлөрүнүн продукцияларын жарманкеге коюшту.

Иш-чаранын максаты - Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, салтты калыбына келтирүү, маданий мурастарды сактоо жана Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү экологиялык таза туризм аймагына айландыруу. 

Жарманкеге коюлган эмгектердин арасынан Өзбекстан өлкөсүнүн чеберлеринин, Бишкек, Ош шаарларынын карапачыларынын эмгектерин, кыргызстандыктардын жибектен жасалган буюмдарын, казакстандыктардын зер буюмдарын, тажик элинин салттык сайма саюу искусствосун көрүүгө болот.

Фестивалдын алкагында аймактан келишкен мыкты кол өнөрчүлөр мастер-класс, дизайнерлер этно стилиндеги моделдерин көрсөтүшөт, жаш сүрөтчүлөр жана акындар арасында сынактар жүргүзүлөт. Фестиваль аянтчасында искусство ишмерлери жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өз демилгелүү жамааттары өнөрлөрүн тартуулашат, жаштар экологиялык акция уюштурушат. 

Белгилей кетсек, бул жарманке 28-июлдан 3-августка чейин Чолпон-Атада орун алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.07.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
биз, кырыгыздар, мактанабыз: "укмуш сайма саябыз" - деп, бирок озбек, таджиктердин сайган саймаларынын жанында такыр корку жок болуп калат экен.
25.07.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sister, анда озбекстанга отуп кете бер ,бир эле сонун озубуздун оймо чиймебиз ,озбек тажиктердки жалтыр жултур болот ,биздин саймалар светтери аябай ачык жана жарык корунот
25.07.2014. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бах, емне деген кооз Оймолор!?...
25.07.2014. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika1405, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: