super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Апрель окуясы боюнча соттун өкүмү тууралуу пикирин билдирди

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Апрель окуясы боюнча соттун өкүмү тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу 25-июлда президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 7-апрелине чейин өлкөнү башкарып келген кандуу режимде жасалган аракеттерге тийиштүү баа берилиши маанилүү экенин айткан.

"2010-жылы 7-апрелде "Ала-Тоо" аянтында курман болгон мекендештердин өлүмүнө күнөөлүүлөр жазасын алышы керектигин дайыма айтып келгенин белгилеп, кыргызстандыктардын массалык өлтүрүлүшүнө себеп болгон бакиевдик режим көпчүлүгүбүз үчүн чоң трагедия болгонун кошумчалады. Соттук отурумдун айланасында талаш-тартыш, талкуу жаралат. Бирок сот өз ишин аткарып, өкүм чыгарды. Аны кылдаттык менен изилдеп, пикир айтуу керек" деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Бишкек гарнизондук соту чыгарган өкүмдүн негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою эркинен ажыратылышты. Курманбек Бакиевдин уулу Марат Бакиев кызмат ордун мыйзамсыз таштап кеткен деп табылып, 10 жылга кесилди.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороев, президенттин кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиев, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов, президенттин катчылыгынын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная 10 жылга эркинен ажыратылышты. Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевге карата кылмыш иши кыскартылды. Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басарлары Нурлан Тимирбаев менен Данияр Дунгановдор 25 жылга эркинен ажыратылышты.

Атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылса, "Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын айыпталып жаткан аскерлери акталышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: