super.kg logo

Бишкекте төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды

 

Бишкектеги Улуттук китепканада төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 120 жылдыгына арналган “Өмүрүңдү, ырыңды, калкың үчүн арнадың” аттуу китеп көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда аталган китепканадан билдиришти.

Көргөзмөгө акындын китептери, поэмалары, дастандары, ал тууралуу гезит жана журналдарга жарыяланган эскерүүлөр коюлду.

Алымкул Үсөнбаев 1896-жылы Таластын Кара-Арча айылында туулган. Ал ырчылыкка 13 жаш курагында кирише баштаган. 14 жашында улуу акын Токтогулга жолугуп, андан таалим алган. Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген. Анын “Шахтёрлорго”, “Устага”, “Энеге”, “Жаз көркү”, “Түштүк туугандарга”, “Баатырдын анты”, “Баратат кыргыз дүңгүрөп”, “Өлүмгө – өлүм”, “Жеңе жүрдүк, жеңебиз”, “Барчын менен кулаалы”, “Панфиловду эскерип”, “Жеңиш” жана башка чыгармалары бар.

Алымкул Үсөнбаевдин чыгармаларынын дээрлик үчтөн бири балдарга арналган. Анын ырлары, тамсилдери, поэмалары, жомоктору балдар адабиятына кошкон баалуу салым болуп эсептелет. Акындын ырларынын белгилүү бөлүгү балдардын турмушун көркөм сыпаттайт. Бөбөктөрдүн шатыра-шатман, жайдары маанайлары, бейкапар өсүп, тарбияланып жаткан куунак жашоосу жүрөктө уюп калардай деңгээлде ырдалат. Тынчтыктын бекем тиреги болгон совет элинин күчүн туюндуруп, балдарды терең билим алууга, ар кыл өнөр, кесипке ээ болууга үгүттөп ырдоо боюнча Үсөнбаевдин чыгармаларынын көркөм тарбиялык мааниси зор. Акын 1963-жылы дүйнөдөн өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.07.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алымкул Үсөнбаййев жетик таланттардын катарында екен еле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: