super.kg logo

Кеминде теректерди кыйдырып, мамлекетке 100 миң сомдон ашуун зыян келтирген орто мектептин мурунку директоруна кылмыш иши козголду

 

Кемин райондук прокуратурасы тарабынан теректерди мыйзамсыз кыйдырып, мамлекетке 100 миң сомдон ашуун зыян келтирген орто мектептин мурунку директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 25-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган райондогу С.Кудайбергенов атындагы орто мектептин мурдагы директору А.Ж. жаратылышты коргоо мыйзамына карабай, 19 даана теректи уруксаты жок кыйдырып салганы аныкталган. Натыйжада мамлекетке 102 473 сомдой зыян келтирилип, факты боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "өзгөчө баалуу түркүмүндөгү дарактарды кыюу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: