"Жаңы толкун-2014тө" жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргызстандын атынан катышкан "Style Mix" триосу германиялык ырчыны гана артка калтырды

Латвиянын Юрмала шаарында өтүп жаткан "Жаңы толкун-2014" сынагынын алкагында 26-июлдан 27-июлга караган түнү сынактын үчүнчү күнү орун алып, жеңүүчүлөр аныкталды. Үч сынактын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу германиялык ырчы Глэдис Мвачитини гана артка калтырып, акыркы орундан бир тепкич жогору болду.
1-орунду грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе ээлесе, 2-орунду украиналык ырчы Виктория Петрик жана 3-орунду Вячеслав Рыбиков өңөрүп кетти.
Быйыл сынакта Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен 16 жаш аткаруучу ат салышты. "Жаңы толкун" жаш музыка аткаруучулардын эл аралык сынагы Юрмалада 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынакты өткөрүү идеясы композиторлор Игорь Крутой менен Раймонд Паулска таандык.
Үч күндүк сынактын жыйынтыгы:
1. Нуца Бузаладзе (Грузия, 228 упай)
2. Виктория Петрик (Украина, 226)
3. Вячеслав Рыбиков (Украина, 224)
4. Моника Линките (Литва, 222)
5. Нодар Ревия (Орусия, 221)
6. Сона Рубенян (Армения, 220)
7. Sam On (Израиль, 216)
8. Юлия Плаксина (Орусия, 213)
9. Tyshawn Colguitt (АКШ, 211)
10. Алишер Каримов (Казакстан, 210)
11. Стас Шуринс (Латвия, 207)
12. Лидия Исак (Молдова, 203)
13. «О’Генри» тобу (Орусия, 202)
14. Antonio Maggio (Италия, 201)
15. «Style Mix» триосу (Кыргызстан, 193)
16. Gladys Damaris (Германия, 187)


Гезиттин жаңы саны дүйшөмбү күнү саат 9:00дө жарыяланат.
Кыргызстандын атынан чыгып аткан жаш таланттарга Эл аралык конкурска катышууда хотя бы жылуу соз м.н колдоп койгонго жарабасак,биз кимбиз??? сынайт десе эле, мына мен деп так секире,кокурок каккылай : "колундан келбесе отурбайт белен мага окшоп клавиша терип"-,деген "типа" акылманбызбы?