super.kg logo

"Жаңы толкун-2014" сынагынын гала-концертинде Рики Мартин ырдады

 
“Жаңы толкун-2014” Эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Нуца Бузаладзе.

27-июлда Латвиянын Юрмала шаарында “Жаңы толкун-2014” Эл аралык сынагынын жабылыш салтанаты өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө “Хрусталь толкуну” статуэткасы, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Үч күндүк сынактын жыйынтыгында 1-орунду грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе ээлесе, 2-орунду украиналык ырчы Виктория Петрик жана 3-орунду Вячеслав Рыбиков өңөрүп кетти. Ал эми көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө Армения мамлекетинин катышуучусу Соня Рубенян татыды.

Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 3 сынактын жыйынтыгы боюнча германиялык ырчы Глэдис Мвачитини гана артка калтырып, акыркы орундан бир тепкич жогору болду.

Салтанаттуу кечеде дүйнөлүк жылдыздар, орусиялык аткаруучулар жана сынактын көрүнүктүү катышуучулары баарына “Көрүшкөнчө, Юрмала!” деп айтышып, көрүүчүлөр менен кошо ырдашты. Концерттик программада орусиялык ырчылар Алсу, Николай Басков, Ани Лорак, Филлип Киркоров, Лайма Вайкуле, Аида, «A`Studio» тобу, Валерия, Лев Лещенко, Анжелика Варум, Леонид Агутин, Стас Костюшкин, Эмин, Вера Брежнева, Ёлка, Дима Билан, «Руки вверх!» тобу, Ирина Дубцова, Любовь Успенская, Наташа Королёва, Кристина Орбакайте, ошондой эле дүйнөлүк жылдыз Рики Мартин ырдашты.

Быйыл сынакта Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен 16 жаш аткаруучу ат салышты. "Жаңы толкун" жаш музыка аткаруучулардын эл аралык сынагы Юрмалада 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет. Сынакты өткөрүү идеясы композиторлор Игорь Крутой менен Раймонд Паулска таандык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: