super.kg logo

Кыргызстанда адамдардын өлүмүнө кан айлануу системиндеги дарттар себеп болууда

 

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2014-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгындагы маалыматка караганда, Кыргызстанда адамдардын өлүмүнө кан айлануу системиндеги дарттар себеп болууда

Кан айлануу системине байланыштуу ооруга чалдыккандар боюнча көрсөткүч 51,2 пайызды түзсө, шишиктер 10,3 пайыз көрсөткүч менен экинчи орунда. Ал эми сырткы таасирлерден - 8,3 пайыз, тамак сиңирүү органдарындагы дарттардан - 7 пайыз, дем алуу органдарынан - 6,7 пайыз, жана инфекциялык ооруларга чалдыгып көз жумгандар - 2,2 пайыз. Маалыматта белгиленгендей, республикадагы калктын санынын өсүшү 0,8 пайызга барабар болуп, 5 миллион 824 миң адамды түздү. Алардын ичинен 32,3 пайызы балдар жана өспүрүмдөр, жумушка жарамдуулар 61,1 пайызды, жумушка жарамдуу курактан жогорулар 6,6 пайызды түзүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: