super.kg logo
  Саясат  

Абибилла Кудайбердиев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

 

КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 28-июлда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа менен жолугушту.

Тараптар ушул жылдын 29-июлунан 1-августуна чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн “Бузулбас достук-2014” биргелешкен машыгуусу ийгиликтүү өтөрүнө үмүттөнүшөрүн билдиришти. Министр машыгуулар аскердик даярдыктар боюнча жаралган суроолорго практика жүзүндө жооп таба алышарын айтты. Жолугушууда аймактык жана эл аралык коопсуздук, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн аскердик даярдыктарынын перспективалары талкууга алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: