Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге кылмыш иши козголду

Грузиянын прокуратурасы 28-июлда өлкөнүн экс-президенти Михаил Саакашвилиге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, кылмыш иши Саакашвилинин 2007-жылы Тбилисидеги өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таратып, “Имеди” телестанциясына рейд жасатып, аны басып алып, кызматын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн козголгон.
Ошондой эле экс-президент Михаил Саакашвили менен бирге иштегендерге да иш ачылганы айтылды. Алар: өлкөнүн мурдагы премьер-министри жана ИИМ башчысы Иван Мерабишвили, мурдагы коргоо министри Дваид Кезерашвили жана Тблисинин экс-мэри Георгий Угулав. Мындан сырткары Саакашвилинин прокуратурага сурак берүүгө келбей койгону маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

