Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу мусулман мекендештер! Сиздерди чын жүрөгүмдөн Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктайм! Касиеттүү Рамазан айы да, буюрса, аягына чыкты. Аны белгилей турган Орозо айт майрамыбыз да келди. Ошону менен сиздер өз абийириңиздердин алдында дене-боюңуздарды, жан дилиңиздерди арууладыңыздар. Улуу Айт майрамыңыздар кут болсун! Жүрөктөн чыккан каалоо-тилектеримди кабыл алып коюңуздар. Орозо айында жасалган кайрымдуу иштерибиз, ак тилектерибиз ылайым кабыл болсун. Жерибизге ырыскы, элибизге бакыт берсин!”
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

