super.kg logo
  Саясат  

Асанбек Алымкожоев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы менен коопсуздук маселелерин талкуулады

 

Бүгүн, 29-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа менен жолугушту. Анда тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздук көйгөйлөрүн талкууга алышты. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик перспективалары каралды.

Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев иш жүзүндөгү биргелешкен машыгуулар Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик даярдыктарына байланыштуу маселелердин үстүнөн иштөөгө шарт түзөрүн айтты. Ошондой эле жолугушууда эл аралык террорчулукка, мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдарда биргеликте иштешүү жаатында сүйлөшүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: