super.kg logo
  Саясат  

Нариман Түлеев: "Турсункулов, Сатыбалдиевдер да эртең отуруп калабыз деп ойлошкон эмес. Мамлекеттик айыптоочулар, Кудай сактасын дегиле!"

 
Бүгүнкү соттук отурумда, Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу келе албай калгандыгынан улам Нариман Түлеев менен мамлекеттик айыптоочулардын ортосунда кайым айтышуу келип чыкты. 
Мамлекеттик айыптоочулар "Адам катуу ооруп калганда гана сотко катышпай койсо болот. Бейшенбаевдин омуртка грыжасынын канчанчы стадиясы экендиги маалымдамасында так көрсөтүлгөн эмес" дешти. 
Буга жооп катары Нариман Түлеев: "Урматтуу мамлекеттик айыптоочулар, эртең силер да биздин ордубузда болуп калышыңар мүмкүн. Кечээ эле Турсункулов, Сатыбалдиевдер түрмөгө түшүп калабыз деп ойлошкон эмес. Адам ооругандыгынан улам келе албай калды. Түшүнүү менен мамиле кылсаңар болмок. Силер да соттолуп калышыңар мүмкүн, Кудай сактасын дегиле",- деди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: